Бишкектеги «Азиз» базарында контрафакттык тамеки буюмдарын саткан факты аныкталды

Салык кызматынын кызматкерлери Бишкек шаарында жүргүзгөн пландуу рейддик иш-чаралардын жүрүшүндө “Азиз” базарында контрафакттык тамеки буюмдарын саткан фактыны аныкташты. Жалпы суммасы 11 миң 50 сомдук акциздик маркасы жок 330 таңгак тамеки тартып алынды.

Контрафакттык тамеки буюмдарын, анын ичинде акциздик маркасыз жана жасалма акциздик маркалар менен сатууларга карата жоопкерчиликтер каралган. Соода түйүндөрүнүн ээлери жана сатуучулар Кылмыш-жаза кодексине, Жоруктар жөнүндө кодекске жана Бузуулар жөнүндө кодекске ылайык жазаланат. Салык кызматы жарандарды контрафакттык же жасалма тамекилер сатылган учурда жергиликтүү салык органына, ошондой эле 116 номери же (0779) 61-31-89 (WhatsApp) номери боюнча кайрылууга чакырат.