Бишкектеги бала бакчадан өрт чыкты. Балдар эвакуацияланган. Бул тууралуу ӨКМден билдиришти.
Маалыматка караганда, Жумабек көчөсүндө жайгашкан турак үйдүн жанындагы кошумча курулуштан өрт чыгып Фрунзе көчөсүнүн №585 дарегинде жайгашкан 2 кабаттуу «Дастан» бала бакчасынын чатырына өтүп кеткен. Учурда бала бакчадагы балдар эвакуацияланган. Өрт саат 13:42де чектөгөө алынды. Жеринде 4 өрт өчүрүү бөлүмү, Штаб, ыкчам топ, ИИМдин кызматкерлери менен биргеликте толук өчүрүү иштерин алып барууда.