Бишкектеги барда эркек киши сабалды (видео)

Социалдык тармактарда Бишкектеги барда тартылган видео тарады. Видеодон эркек кишинин дагы бир кишини сабап жатканын көрүүгө болот.

СЕРЕП МЕДИА маалымат агенттигине Биринчи Май РИИБден окуя тууралуу маалымат беришти. Маалыматка караганда, 1-августа саат 02:37 чамасында Бишкек ШИИБдин «102» кызматына «Мото» соода борборунда мушташ чыкканы тууралуу маалымат түшкөн. Мушташтын айрым катышуучулары тергөө кызматына жеткирилип, суракка алынган жана келүү милдети менен бошотулган.

Учурда тергөөгө чейинки иликтөө иштеринин алкагында мушташтын калган катышуучуларын аныктоо боюнча бардык чаралар көрүлүүдө. Тергөөнүн жыйынтыгы менен мушташтын бардык катышуучуларына юридикалык баа берилет.