Бишкектеги бассейнге 20 жаштагы жигит чөгүп, каза болду

Бишкектин Малдыбаев көчөсүндө жайгашкан бассейндердин бирине жаш жигит чөгүп каза болгондугун Октябрь РИИБден тастыкташты.

Милицияга 22-октябрда саат 19:40та чакыруу түшкөн. Бул факты каттоого алынган. Милиция каза болгон жигиттин 20 жашта экенин тактаган. 

Жигиттин апасы эч кимге доосу жок экенин айтып, арыз жазуудан баш тарткан.