Бишкектеги батирде жаран бычакталып өлтүрүлдү. Шектүү кармалды

Бишкекте адам өлтүрүүгө шектүү кармалды. Бул тууралуу ИИМден билдиришти.

7-ноябрь күнү таңга маал Биринчи Май райондук күзөт бөлүмүнүн кызматкери батирлердин биринде белгисиз адамдын бычакталганы тууралуу маалымат алган. Милиция кызматкеринин үстүндө формасы болгондуктан, жарандар ага кайрылышкан. Ал күзөт бөлүмүнүн кармоо тобунун кайгуулдагы экипажына, ошондой эле «102» кызматына маалымат берген.

Окуя болгон жерден мас абалындагы жаран чыгып, колундагы бычакты ыргытып, окуя болгон жерден изин жашырып кетүүгө аракет кылган. Бул учурда милиция кызматкери тарабынан кармоо чаралары көрүлгөн.

Кармалган жаран мурда соттолгон 1979-жылы туулган А.Л. экендиги аныкталган. Кылмыш болгон жерди текшерүүдө батирдин ичинен бычактан жаракат алган адамдын сөөгү табылган. Алдын ала маалыматтар боюнча, кылмыш чырдан улам болгон. Учурда аталган факты боюнча иликтөө иштери жүрүп жатат.