Бишкектеги батирден 24 жаштагы кыздын жансыз денеси табылды

Бишкектеги батирлердин биринен жаш кыздын жансыз денеси табылды. Бул тууралуу ӨКМден билдиришти.

Маалыматка караганда, куткаруучулар Бишкек шаарынын Сыдыков көчөсүндө жайгашкан батирлердин биринде бекилип калган эшикти ачышкан. Ичинен 1997-жылы туулган кыз кишинин жансыз денеси табылган. Маркумдун жансыз денесин ИИМдин кызматкерлерине өткөрүп беришти. Эшик ачууга Бишкек шаардык Куткаруу кызматынан 4 куткаруучу тартылган.