Бишкектеги Октябрь районундагы батирлердин биринен эркек кишинин жансыз денеси табылды. Бул тууралуу ӨКМден билдиришти.
Маалыматка караганда, куткаруучулар 8-кичирайондо жайгашкан үйдүн батиринин бекилип калган эшигин ачышканда, батирдин ичинен 1965-жылы туулган эркек кишинин жансыз денеси табылып, ИИМдин кызматкерлерине өткөрүп берилди. 5 куткаруучу тартылган.