Кечээ, 18-февралда Бишкек шаарында жайгашкан Ленин районундагы батирден 64 жаштагы эркек кишинин жансыз денеси табылды. Бул тууралуу ӨКМдин басма сөз кызматынан билдиришти.
Маалыматка караганда, Бишкек шаардык Куткаруу кызматынын куткаруучулары Калык Акиев көчөсүндө жайгашкан №72 үйдүн жабылып калган эшигин ачканда, ичинен 1957-жылы туулган эркек кишинин жансыз денеси табылган. Маркумдун жансыз денеси ИИМдин кызматкерлерине өткөрүлүп берилген.