Бишкектеги батирден 65 жаштагы аял кишинин жансыз денеси табылды

Эркиндик бульварында жайгашкан көп кабаттуу турак-үйдүн бириндеги батирден 1956-жылы туулган аял кишинин жансыз денеси табылды. Бул тууралуу ӨКМден билдиришти.

Маалыматка караганда, бекилип калган эшикти ачкан кезде батирдин ичинен 65 жаштагы аял кишинин жансыз денеси табылган. Жансыз денени куткаруучулар ИИМдин кызматкерлерине өткөрүп беришти. Иштин чоо-жайы такталууда.