Бишкектеги батирден 704 миң сом уурдалды. Окуянын чоо-жайы

Милиция уурулукка шектүү болгон жаран кармалды. Бул тууралуу Бишкек ШИИБден билдиришти.

2-майда жаран Чыңгыз Айтматов проспектисинде жайгашкан көп кабаттуу батирлердин биринде кире бериш эшиктин кулпусуна туура келген ачкычты тандап, ичине кирип, 704 миң 800 сом өлчөмүндөгү акчаны уурдап кеткен. Аталган факты боюнча Кылмыш-жаза кодексинин 205-беренеси менен (уурулук) кылмыш иши козголгон.

Жүргүзүлгөн иликтөөлөр жана ыкчам-издөө иш-чараларынын жүрүшүндө буга чейин ушул сыяктуу кылмыштар үчүн соттолгон 1981-жылы туулган Казак жараны кармалган жана убактылуу кармоочу жайына киргизилди. Бишкек шаарынын Ленин районунун соту шектүүгө карата Бишкек шаарынын СИЗО-1 абагына 2 айга камакка алуу түрүндөгү баш коргоо чарасын тандады.