Бишкектеги батирден 75 жаштагы кишинин жансыз денеси табылды

ИЛЛЮСТРАЦИЯ

Бишкектеги батирден 75 жаштагы кишинин жансыз денеси табылды. Бул тууралуу ӨКМден билдиришти.

Маалыматка караганда, куткаруучулар Үмөталиев көчөсүндө жайгашкан үйдүн батиринин бекилип калган эшигин ачышканда, батирдин ичинен 1947-жылы туулган эркек кишинин жансыз денеси табылган. Жансыз денени ИИМдин кызматкерлерине өткөрүп беришти.