Бишкектеги батирден 83 жаштагы кишинин жансыз денеси табылды

Куткаруучулар Бишкектеги Лев Толстой көчөсүндө жайгашкан үйдүн батиринин бекилип калган эшигин ачышкан. Бул тууралуу ӨКМден билдиришти.

Батирдин ичинен 1940-жылы туулган эркек кишинин жансыз денеси табылган. Маркумдун жансыз денесин ИИМдин кызматкерлерине өткөрүп беришти.