Бишкектеги батирден аялдын жансыз денеси табылды

Бишкектеги Биринчи Май районунда аял кишинин жансыз денеси табылды. Бул тууралуу ӨКМден билдиришти.

Куткаруучулар Чүй проспектисинде жайгашкан батирдин бекилип калган эшигин ачышканда, батирдин ичинен 1948-жылы туулган аял кишинин жансыз денеси табылып, ИИМдин кызматкерлерине өткөрүлүп берилген. Эшик ачууга 5 куткаруучу тартылган.