Бишкектеги батирлердин биринен 48 жаштагы кишинин жансыз денеси табылды

Бишкектеги батирлердин биринен 48 жаштагы кишинин жансыз денеси табылды. Бул тууралуу ӨКМден билдиришти.

Маалыматка караганда, куткаруучулар Ауэзов көчөсүндө жайгашкан №1А үйдүн батиринин бекилип калган эшигин ачышканда, батирдин ичинен 1973-жылы туулган эркек кишинин жансыз денеси табылган. Маркумдун жансыз денесин ИИМдин кызматкерлерине өткөрүп беришкен.