Бишкектеги бейтапканада эркек киши аутизм менен жабыркаган баланы муштап жиберген (видео)

Бишкектеги бейтапканада эркек киши аутизм менен жабыркаган 14 жаштагы баланы муштап жиберген. Бул тууралуу СЕРЕП МЕДИА маалымат агенттигине жабырлануучунун эжеси билдирди.

Маалыматка караганда, окуя кечээ, 27-августта саат 13:16 чамасында Бишкектин Фучик көчөсүндө жайгашкан бейтапканада болгон. «Менин иниме кол көтөрүштү. Ал 14 жашта аутизм менен жабыркайт. Иним ал кишинин рюкзагын кармап койгон экен. Иниме кол көтөргөн соң, кетип калды. Мен инимдин жанында болчумун. Кол көтөргөн кишинин жазалануусун талап кылам», — деди ал.

Окуя боюнча Ленин РИИБ маалымат берип, арыз катталганын, тергөө жүрүп жатканын билдиришти.