Бишкектеги бир катар түнкү клубдардан баңгизат табылды (видео)

Бишкек шаарындагы бир катар түнкү клубдардан баңгизат табылды. Бул тууралуу ИИМден билдиришти.

14-апрелде борбор калаада жайгашкан бир катар түнкү клубдарда атайын иликтөө иш-чаралары жүргузүлгөн. Анын алкагында баңги заты бар даяр тамеки, 1 баңги затын майдалоочу (Гриндерс) жана керектөөчү аппараттар (бульбулатор), ошондой эле күчтүү таасир этүүчү баңги заттары табылып, алынган. Кармоонун бардык фактылары боюнча экспертиза дайындалды.

Баңги затын колдонгон деп шектелген түнкү мекеменин жумушчулары жана келген коноктору медициналык кароого жөнөтүлүп, анын ичинен үчөөсүнөн оң натыйжа берген.

Ыкчам-иликтөө иш-чараларын жана тарбиялык-профилактикалык иштерди жүргүзүү үчүн, милицияга мекеме-ишканалардын администраторлору, ошондой эле тейлөө кызматкерлери жана түнкү мекемелерге келгендер жеткирилишкен. Учурда иштин бардык жагдайларын аныктоо боюнча ыкчам-иликтөө иш-чаралары жүрүп жатат.