Бишкектеги «Ак бата» чайканасынан өрт чыкты (видео)

Бүгүн, 9-октябрда Бишкек шаарынын Бакаев менен Гагарин көчөлөрүнүн кесилишинде жайгашкан «Ак Бата» чайканасында өрт чыккан. Кырсыктын видеосу социалдык тармактарга тарады.

Өзгөчө кырдаалдар министрлигинен маалымдашкандай, өрттү өчүрүүгө саат 11:04төн тарта 3 күжүрмөн эсеп, штаб тартылган. Өрт саат 11:33дө чектөөгө алынып, учурда толук өчүрүү жүрүүдө.