Бишкектеги Чоң Чүй каналына 5 жаштагы бала чөгүп кетти

Чоң Чүй каналына 5 жаштагы бала чөгүп кетти. Бул тууралуу ӨКМден билдиришти.

Маалыматка караганда, 21-июль күнү саат 19:44 чамасында Шабдан Баатыр проспектиси менен Муктар Ауэзов көчөлөрүнүн кесилишиндеги каналга 2016-жылы туулган Арлан аттуу бала түшүп кеткен.

Жерине издөө иштерин жүргүзүү үчүн Бишкек шаардык куткаруу кызматынын 5 куткаруучусу тартылып, чөгүп кеткен баланын жансыз денесин суудан чыгарып, тез жардам кызматкерлерине өткөрүп беришкен.