Бишкектеги Чыгыш-5 кичи районунда унаа сүзүп кеткен 13 жаштагы бала көз жумду

Чыгыш-5 кичи районунда айдоочу сүзүп кеткен 13 жаштагы бала ооруканада каза болду. Бул тууралуу журналисттерге травматология жана ортопедия илимий изилдөө борборунун башкы дарыгери Алмаз Кубатбеков билдирди. Маалыматка караганда, бала бүгүн, 26-августта эртең менен каза болгон.

23-августта саат 11:00 чамасында Чыгыш-5 кичи районунда Мерседес үлгүсүндөгү унаанын айдоочусу жашы жете элек баланы сүзүп кеткен. Ал ар кандай жаракаттар менен Бишкек шаардык илимий изилдөө борборуна жеткирилген. Буга чейин баланын абалы оор деп бааланып келген.