Бишкектеги ЦУМдун кожоюнуна эл аралык издөө жарыяланды

Бишкектеги ЦУМдун кожоюну Габбазов (азыр Маметов) Анвар Илшатовичке эл аралык издөө жарыяланды. Бул тууралуу УКМКдан билдиришти.

УКМК Камчы Көлбаевдин уюшкан кылмыштуу тобунун мүчөлөрүнө жана уюшкан кылмыштуу топторду каржылаган айрым жеке ишкерлерге карата кылмыштуу кирешелерди легалдаштыруу фактылары боюнча тергелип жаткан кылмыш ишинин алкагында, Бишкек шаарындагы “ЦУМ-Айчүрөк” соода борборунун ээси Габбазов (азыр Маметов) Анвар Илшатовичке карата Кылмыш-жаза кодексинин 263-беренесинин 1-бөлүгүндө (уюшкан топторду жана кылмыштуу коомдоштуктарды каржылоо) каралган кылмышты жасагандыгы үчүн сыртынан айып тагылды.

«Анвар Габбазов кримтөбөл Камчы Көлбаевдин уюшкан кылмыштуу тобунун мүчөлөрүн каржылоо, ошондой эле кылмыштуу кирешелерди легалдаштыруу менен алектенген. Аталган адам улуттук коопсуздук органдары тарабынан эл аралык издөөгө алынган. Тергөөнүн жүрүшүндө Габбазов өзүнүн жардамчысы Рамонов аркылуу Көлбаевге Мерседес Бенц 222 брондолгон унаасын белекке берген, унаа Габбазовдун жеке каражатына сатып алынган. 2020-жылдын октябрь айында алар аталган унааны экс-премьер Сапар Исаков абактан чыккандан кийин өткөрүп беришкен. 2020-жылдын 5-октябрында Бишкектин «Ала-Тоо» аянтында Сапар Исаков жана айрым саясатчылар отурган унаага ок тийген.

Ошол эле учурда козголгон кылмыш ишинин алкагында Габбазов жана Көлбаевди жактаган жактар менен биргеликте Ысык-Көл облусундагы Кара-Ой айылында жайгашкан, баасы 15 миллион доллар болгон мурдагы “ЗИЛ” пансионатынын 42 гектар жерин мыйзамсыз ээлеп, өз адамдарына каттатып алышкандыгы тууралуу маалымат түшкөн. Мындан тышкары, Габбазов менен Көлбаевдин ортосундагы жалпы финансылык иштер жана кызматташуу фактылары аныкталган. Габбазов Бишкектин престиждүү аймактарынын биринде жайгашкан, мурда Асанбектин жакын тууганынын наамына катталган кымбат батирди, ошондой эле Ысык-Көл облусундагы Чолпон-Ата шаарында жайгашкан “Каганат” эс алуу борборунан коттедж сатып алган», — дешти.