Бишкектеги «Детский мир» соода борборунун ээси кармалып, имарат мамлекетке өттү

Уюшкан кылмыштуу топтордун кызыкчылыгы үчүн мамлекеттик мүлктү мыйзамсыз тартып алуу фактысы аныкталды. Бул тууралуу УКМКдан билдиришти.

УКМК мыйзамсыз менчиктештирилген объекттерди мамлекетке кайтаруу жана уюшкан кылмыштуу топтун ишин каржылоого каршы аракеттенүү боюнча жүргүзүлүп жаткан иштердин жүрүшүндө мурдагы «Октябрдын 40 жылдыгы» Бишкек тигүү фабрикасынан мамлекеттик менчиктин айрым объекттерин аффилирленген жактар тарабынан Камчы Көлбаевдин пайдасына улуттук мыйзамдарда белгиленген тартипти бузуу менен чыгаруу фактысын аныктады. Козголгон кылмыш ишинин алкагында 2004-жылы аталган ишкананын балансынан ошол учурда колдонулуп жаткан мыйзам жол – жоболорун бузуу менен жалпы аянты 13 миң чарчы метр болгон ири өнөр жай объекттери «Рос-Трейд» ЖЧКсынын (азыркы «Детский Мир» соода борбору) пайдасына жеке менчикке мыйзамсыз чыгарылган. Андан ары, 2009-жылы А.М.С. «Детский мир » соода борборунун жалгыз ээси болууну каалап, А.А.дан баш тартып, Камчы Көлбаев менен өнөктөштүк мамилесин түзгөн. Мында «Рос-Трейд» ЖЧКсынын үлүшүнүн 50 пайызы жана аянты 2900 чарчы метр коммерциялык жайлары бар 3 кабаттуу имарат берилген.

2020-жылы А.М.С. аянты 10 000 чарчы метр болгон «Детский мир» соода борборунун имаратын Н.М.Р. аттуу инвесторго 6 миллион долларга сатып, келишимге ылайык аталган сумманын 2,3 миллион доллары Камчы Көлбаевге берилген. Ошондой эле, тиешелүү тергөө-оперативдүү иш-чараларды жүргүзүүнүн натыйжасында уюшкан кылмыштуу топтун лидери Камчы Көлбаевдин деструктивдүү ишмердүүлүгүн А.М.С. тарабынан каржылоо фактысын тастыктаган маалыматтар алынган. Мындан улам, жүргүзүлгөн ыкчам-иликтөө иш-чараларынын натыйжасында Көлбаевдин аффилирленген жактары менчиктин мыйзамсыз экендигин түшүнүшүп, ыктыярдуу негизде жогоруда белгиленген 3 кабаттуу, аянты 2900 чарчы метр жана наркы 900 миллион сомдон ашык имаратты мамлекеттин балансына өткөрүп беришти.

Кылмыш ишинин алкагында А.М.С. аттуу жаран Кылмыш-жаза кодексинин 263-беренесинин 1-бөлүгүндө каралган кылмышка шектүү катары кармалып, эки айга УКМКнын тергөө абагына киргизилди.