Бишкектеги гипермаркеттин кассасынан акча уурдаган шектүү кармалды (видео)

Бишкек шаарынын Октябрь РИИБдин ыкчам кызматкерлери тарабынан уурулукка шектүү жаран кармалды. Бул тууралуу Октябрь РИИБден билдиришти.

14-октябрь күнү милицияга жаран ошол эле күнү саат 16:20 чамасында Юнусалиев көчөсүндөгү гипермаркеттердин биринде кассадан 45 миң 838 сом суммадагы акча каражатын уурдап кеткен белгисиз адамга карата чара көрүү арызы менен кайрылган. Аталган факты Кылмыш-жаза кодексинин 205-беренесине (уурулук) ылайык кылмыш иши козголгон.

Октябрь РИИБдин тергөө жана ыкчам-издөө иш-чараларынын жүрүшүндө 1996-жылы туулган жаран аныкталып, кармалды.