Бишкектеги хостелде чыккан мушташ: Азырынча чет өлкөлүктөрдү сабаган бир жаран кармалды

Ички иштер министрлиги тарабынан 18-майга караган түнү Бишкекте болгон окуяларга байланыштуу козголгон кылмыш ишинин алкагында ыкчам-иликтөө иш-чаралары жүргүзүлүүдө. Бул тууралуу аталган министрликтен маалымдашты.

Бул факты боюнча БКылмыш-жаза кодексинин 278-беренесинин 1-бөлүгү (массалык башаламандык) жана 280-беренеси (бейбаштык) менен кылмыш иши козголгон. Анын негизинде чет өлкөлүк жарандарды сабаган шектүүлөрдүн бири кармалды. Андан тышкары, ал адамдарды чет өлкөлүктөр жашаган жерлерге ташыган.

18-майдан тартып социалдык тармактарда чет өлкөлүк жарандары сабалган видеотасма тарай баштаган. Видеодо 20-25 жаштардагы саргыч боз кийимчен белгисиз жигит чет өлкөлүк жарандарды сабап жатканы чагылдырылган. Алынган маалыматтар боюнча аталган факты 18-майда таңында болгон. Белгисиз төрт адам “Дордой” базарына жакын жайгашкан үйгө кирип, чет өлкөлүк жарандардын денесине залал келтирип, андан кийин белгисиз тарапка качып кетишкен. Ыкчам-тергөө иш-чараларын милиция кызматкерлери жүргүзө баштап, окуя болгон жерге жакын жайгашкан видеобайкоо камераларынын жазууларын көргөндө кол салган төрт адам кара түстөгү “Мерседес-Бенц Спринтер” үлгүсүндөгү унаа менен 18-майда таңкы саат 4тө келишкени аныкталган. Андан ары Ысык-Көл облусунун тургунуна катталган “Мерседес-Бенц Спринтер” үлгүсүндөгү унаа табылган. Бул унаанын рулунда Ысык-Көл районунун тургуну 1999-жылы туулган Азат Жекшенбеков экендиги белгилүү болуп, кармалды. Ал учурда Бишкек шаарында жашап, эмерек жасоочу цехтин кызматкери болгон. Кармалган жаран Бишкек шаарынын ШИИББнын убактылуу кармоочу жайына киргизилди. “Мерседес-Бенц Спринтер” унаасы унаа токтотуучу жайга киргизилди.

Учурда тергөө иштери улантылып, укукка каршы аракеттерге тиешеси бар башка адамдарды аныктоо жана кармоо боюнча чаралар көрүлүүдө.