Бишкектеги хостелде чыккан мушташ: Чет өлкөлүк студенттерди карактаган шектүүлөр кармалды

13-майга караган түнү саат 02:00дө Восток-5 кичи районунда топ балдар чет элдик студенттерге кезигип, тамеки сурашып, эмне бул жерде тамеки чегип жатасыңар деп тийишкен. Уруп баштаганда чет элдик студенттер качып, өзүлөрү жашаган А.Огонбаев көчөсүндөгү жатаканага кирип кеткенге үлгүрүшкөн. Бул тууралуу Ички иштер министрлигинен маалымдашты.
Чет элдик студенттердин артынан кубалап келген топ балдар А.Огонбаев көчөсүндөгү жатаканага кирип, ал жакта жашаган чет элдик жарандарга күч колдонуп, акча каражаттарын жана буюмдарын ачыктан-ачык тартып алышкан. Жатаканада жашаган чет элдик жарандар чогулуп, келгендерди каршылык көрсөтүп кетиргенге аракет кылып, ортодо мушташ чыккан. Мушташ жатакананын короосунда болуп, келгендер бирөөсүн таштап качып кетишкен.
Аталган окуя боюнча Бишкек шаарынын Свердлов РИИБде Кылмыш-жаза кодексинин 207-беренеси (каракчылык) менен кылмыш иши козголуп, жогоруда аталган белгисиз адамдарды аныктоого багытталган ыкчам-издөө иш-чаралары жүргүзүлгөн. Тергөөнүн жүрүшүндө жатаканада каракчылык кылган адамдар такталып, алар: 2006-жылы туулган М.Н., 2005-жылы туулган Ш.Т., 2005-жылы туулган Н.Б. аттуу жарандар экендиги такталган. Тергөө амалдары жүргүзүлүп, 2006-жылы туулган М.Н., 2005-жылы туулган Ш.Т., 2005-жылы туулган Н.Б кылмыш жасады деген шек менен кармалып, убактылуу кармоочу жайга киргизилди. Учурда кылмыш иши боюнча тергөө амалдары уланууда.