Бишкектеги хостелде чыккан мушташ: Сот Египеттин жарандарын үй камагына чыгарды

Кечээ, 19-майда Бишкектин Свердлов райондук соту Бишкектеги хостелде чыккан мушташ боюнча кармалган Египеттин 4 жаранын үй камагына чыгарды.

Буга чейин Ички иштер министрлигинен бейбаштык боюнча козголгон кылмыш иши боюнча 2000-жылы туулган А.М., 1993-жылы туулган А.М., 2002-жылы туулган А.А., 2003-жылы туулган С.Х. аттуу төрт чет өлкөлүк жаран шектүү катары кармалып, убактылуу кармоочу жайга киргизилгенин маалымдашкан.