Бишкектеги хостелде чыккан мушташ: Тигүү цехине бастырып кирип, чет өлкөлүктөрдү сабап-тоногон 5 шектүү кармалды

18-май күнү саат 04:30 чамасында Аламүдүн айылындагы Курманжан-Датка көчөсүндө жайгашкан «А-С Т» ЖЧКнын тигүү цехине 60-70 белгисиз адамдар келишип, коомдук тартипти одоно бузуп, тигүү цехинин мүлкүн талкалап, ал жерде жашап иштеген Индиянын, Бангладештин жана Пакистандын жарандарын уруп-сабап денесине залал келтирип, акчаларын, уюлдук телефондорун жана башка мүлкүн ээлеп алып качып кетишкен. Бул тууралуу Ички иштер министрлигинен маалымдашты.

Аталган факты каттоого алынып, массалык баш аламандык беренеси боюнча кылмыштын белгилери менен кылмыш иши козголгон. Тергөө иштеринин жүрүшүндө, башаламандыктын натыйжасында «А-С Т» ЖЧКсынын тигүү цехине материалдык зыян келтирилип, 14 чет элдик жаран ар кандай дене жаракаттарды алып, алардын үчөөсү ооруканаларга жаткырылганы аныкталган.

Чүй облусунун ички иштер башкы башкармалыгынын кызматкерлери тарабынан жүргүзүлгөн ыкчам-иликтөө иш-чараларынын натыйжасында кылмышка шектүү жарандар 1968-жылы туулган Б.Б., 1995-жылы туулган Т.Б., 2003-жылы туулган Д.Б., 2003-жылы туулган Р.А. жана 2005-жылы туулган А.К. экендиги аныкталып, алар аталган кылмыш иши боюнча шектүү катарында кармалышып, убактылуу кармоочу жайга камалышты. Тергөө-ыкчам иш-чараларынын жүрүшүндө кылмышка шектүүлөрдүн үйүнө тинтүү жүргүзүлүп, кылмыш иши боюнча буюм далили болгон 5 «Редми», «Самсунг» үлгүсүндөгү уюлдук телефондор, чет элдик акча каражаттар, тактап айтканда «рупий», ар кандай номиналдагы сомдор, кылмышка шектүүлөрдүн кылмыш болгон күнү кийип жүргөн кийимдери табылып алынган. Учурда кылмыш иши боюнча тергөө амалдары уланууда.