Бишкектеги жатаканада жигит асынган абалда табылган. Шектүүлөр кармалды

Бишкекте өз жанын кыюуга жеткирүүгө шектүүлөр кармалды. Бул тууралуу Биринчи Май РИИБден билдиришти.

Маалыматка караганда, 30-августта саат 14:21 чамасында милицияга Панфилов көчөсүндө жайгашкан жатакананын жуунуучу бөлмөсүндө 2003-жылы туулган жаран асынган абалда табылганы тууралуу маалымат түшкөн. Аталган факты боюнча өз жанын кыюуга жеткирүү беренеси менен кылмыш иши козголгон. Кылмышка шектүү катары 1996-жылы туулган 2 шектүү кармалып, камакка алынды.