Бишкектеги жол кырсыкта Бажы кызматынын кызматкери уулу менен каза тапканы маалым болду

Бишкектеги жол кырсыкта Бажы кызматынын кызматкери уулу менен каза тапканы маалым болду. Маалыматты СЕРЕП МЕДИА маалымат агенттигине Бишкек ШИИБден тастыкташты.

 Мамлекеттик бажы кызматы маалымат таратып, бажы кызматынын капитаны Акбаева Алтынай Талайбековна мезгилсиз дүйнөдөн кайтканын жазды.

Акбаева Алтынай Талайбековна 1990-жылы 8-ноябрда Бишкек шаарында туулган. 2013-жылдын 29-июлунан тарта бажы органдарында иштеген. Манас бажысында ар кандай кызматтарды аркалаган.

17-октябрда түнкү саат 23:30 чамасында 1989-жылы туулган жаран Хендай Соната унаасы Масалиев көчөсүндө бара жатып, Бакаев көчөсүнө кайрылып жатканда 2004-жылы туулган жигит башкарып бара жаткан Тойота Ярис унаасы менен сүзүшкөн. Кесепетинен 1990-жылы туулган аял киши 2015-жылы туулган уулу менен ооруканада көз жумган.

Аталган факты боюнча кылмыш иши козголгон. Шектүү катары 2000-жылы туулган жигит камакка алынды.