Бишкектеги жол кырсыкта каза болгон аял. Кылмышка шектүү 7 жылга эркинен ажыратылганы маалым болду

Социалдык тармактарда 30-январда Бишкекте катталган жол кырсыктын видеосу тараган. Жол кырсык Тыныстанов менен Фрунзе көчөсүндө катталган. Honda Fit унаасынын айдоочусу жол чырак кызыл күйгөндө өтүп, жол кырсыкка кабылган. Кырсыктын кесепетинен 50 жаштагы аял каза болгон.

Каза болгон аялдын уулу жол кырсык катталгандан кийин апасы 3 күн жандандыруу бөлүмүндө жатып каза болгонун жазган. Ал ошондой эле кылмышка шектүү Свердлов райондук соту тарабынан үй камагына чыкканын, шектүүнүн учурда эркиндикте жүргөнүн айтып, нааразы болгон. «Биз ал жазасыз калат деп коркобуз» деген ал бийлик өкүлдөрүнө кайрылган.

Маркумдун уулу видео кайрылуу жасап, сот болгонун, кылмышка шектүү айдоочу 7 жылга эркинен ажыратылганын билдирди.