Бишкектеги жол кырсыкта каза болгон аялдын уулу: «Апамды кайрый албайбыз, айдоочунун соттолгону башкаларга сабак болсун»

Социалдык тармактарда 30-январда Бишкекте катталган жол кырсыктын видеосу тараган. Жол кырсык Тыныстанов менен Фрунзе көчөсүндө катталган. Honda Fit унаасынын айдоочусу жол чырак кызыл күйгөндө өтүп, жол кырсыкка кабылган. Кырсыктын кесепетинен 50 жаштагы аял каза болгон.

Каза болгон аялдын уулу жол кырсык катталгандан кийин апасы 3 күн жандандыруу бөлүмүндө жатып каза болгонун жазган. Ал ошондой эле кылмышка шектүү Свердлов райондук соту тарабынан үй камагына чыкканын, шектүүнүн учурда эркиндикте жүргөнүн айтып, нааразы болгон. «Биз ал жазасыз калат деп коркобуз» деген ал бийлик өкүлдөрүнө кайрылган. Кийин маркумдун уулу видео кайрылуу жасап, сот болгонун, кылмышка шектүү айдоочу 7 жылга эркинен ажыратылганын билдирген. 

Бүгүн, 7-апрелде СЕРЕП МЕДИА маалымат агенттиги каза болгон аялдын уулу менен байланышканыбызда, ал соттун чечими менен макул экенин билдирди. «Биз соттон бул беренедеги максималдуу жазаны берүүнү суранганбыз. Берене боюнча максималдуу жаза 5-8 жыл болчу. 7 жылга соттоду. Чечимге макулмун. Апамды кайрый албайбыз… Бирок бул башкаларга сабак болсун», — деди ал.