Бишкектеги жол кырсыкта мотоцикл өрттөнүп кетти (видео)

Социалдык тармактарда Бишкектеги жол кырсыкта мотоцикл өрттөнүп кеткен видео тарады.

Маалыматка караганда, кырсык Дэн Сяопин менен Мурманск көчөлөрүнүн кесилишинде болгон. Mazda 626 унаасы алгач катарлаш келе жаткан Subaru Forester’ди капталынан сүзүп, андан соң алдындагы мотоциклге келип тийгени айтылды. Мотоциклдин 64 жаштагы айдоочусу ооруканага кайрылган.