Милициядан Түштүк магистралда скутер айдаган курьердин катышуусунда болгон жол кырсыгынын чоо-жайы тууралуу маалымат беришти.
Маалыматка караганда, 19-июнда саат 18:40 чамасында 1998-жылы туулган жаран Токомбаев проспектисинде скутер менен бара жатып, жолдун четинде турган Хонда Одиссей унаасын сүзгөн. Ал эми ошол эле багытта бара жаткан Дэу-Лачетти унаасынын 2001-жылы туулган айдоочусу скутер айдоочусун тебелеп кеткен.
Кырсыктын кесепетинен скутер айдоочу окуя болгон жерде каза болгон. Аталган факты каттоого алынып, тергөө иштери башталган. Унаалар айып короого киргизилген. Тергөө уланууда.