Бишкектеги жол кырсыктан эки унаанын 46 жана 32 жаштагы айдоочулары жан берген (сүрөт)

Кечээ, 27-февралда Бишкектин Масалиев менен Токтоналиев көчөлөрүнүн кесилишинде Хонда Фит жана Хонда Стрим үлгүсүндөгү эки унаанын катышуусунда жол кырсыгы катталып, анын кесепетинен беш адам жабыркап, экөө каза болгонун Тез жардам борбору тарабынан маалымдалган.

СЕРЕП МЕДИА маалымат агенттигине Бишкек шаардык жол кыймылын көзөмөлдөө башкамалыгынан кырсык боюнча маалымат беришти.

Бүгүн, 28-февраль түнү саат 00:30 чамасында Бишкек шаарынын 46 жаштагы тургуну Хонда Стрим унаасы менен Токомбаев көчөсүндө бара жатып, аталган көчөнүн кесилишинде Бишкек шаарынын 32 жаштагы тургунунун башкаруусунда бара жаткан Хонда Фит унаасы менен сүзүшкөн. Кырсыктын кесепетинен эки унаанын айдоочулары окуя болгон жерде алган жаракаттарынан улам каза болду.

Хонда Стрим унаасынын эки жүргүнчүсү, Хонда Фит унаасынын үч жүргүнчүсү ар кандай оор жаракаттары менен шаардык ооруканаган жеткирилди. Учурда унаа каражаттары айып короосуна токтотулуп, тийиштүү экспертизалар дайындалып, тергөө иштери жүрүп жатат.