Бишкектеги кафеде эркек киши эсин жоготуп жыгылып калган учурда аны тоноп кетишкен

Бишкекте эркек киши кафеде эсин жоготуп жыгылган учурда тонолгон. Окуянын видеосу соцтармактарга тарап жатат. 

Маалыматка караганда, окуя 2-февраль күнү катталган. Жаран өзүн жаман сезип, кулап калган. «Видеодон көрүнүп тургандай, жигит мен жакка келип, бутумду тепселегенин көрүүгө болот. Мени эшикке алып чыгып жатканда, капчыгым жерге түшүп калган экен. Ал учурдан пайдаланып, капчыгымды алып кеткен. Милицияга арыз менен кайрылдым», — деп жазылат видеонун алдында. 

Биринчи Май РИИБден бул маалыматты тастыкташты. Жаран арыз менен кайрылып, анын капчыгы менен ичиндеги  7 миң сомун белгисиз жаран алып кеткенин айткан.