Бишкектеги кафеде жаран 390 миң сомун уурдатып жиберген. Кылмыш видеого түшүп калган

Бишкекте бир нече уурулук фактыларына шектүү кармалды. Бул тууралуу Бишкек ШИИБден билдиришти.

20-ноябрь күнү Свердлов райондук ички иштер башкармалыгына 1994-жылы туулган жаран арыз менен кайрылган. Арызында ошол эле күнү саат 19:30 чамасында Бишкек шаарынын Чүй проспектисинде жайгашкан кафелеринин биринде кол барсеткасынан 390 миң сом акчасын уурдап кеткенин айткан.

Бул факты боюнча Кылмыш-жаза кодексинин 205-беренеси (уурулук) менен кылмыш иши козголгон. Кылмышка шектүү катары мурда соттолгон, 1984-жылы туулган шектүү аныкталып, кармалган.