Бишкектеги кафеде тартылган мушташтын видеосу тарады

Бишкектин Абдрахманов көчөсүндө жайгашкан «Павлин-Мавлин» кафесинде эркектердин мушташы чыкты. Видео социалдык тармактарга тараган.

12-июлда Свердлов райондук милициясынан билдиришкендей, бул факты катталып, тергөөгө чейинки текшерүү иштери башталган. Милиция окуянын катышуучуларын аныктайт. Эч ким арыз менен кайрыла элек.