Бишкектеги кафедеги мушташка катышкандар аныкталды

Бишкектин Жумабек көчөсүндө жайгашкан «Павлин-Мавлин» кафесиндеги мушташтын видеосу тараган.

12-июлда Свердлов райондук милициясынан билдиришкендей, бул факты катталып, тергөөгө чейинки текшерүү иштери башталган. Милиция окуянын катышуучуларын аныктап жаткан.

Бүгүн, 13-июлда мушташка катышкандар аныкталганын билдиришти. 1981-жылы туулган 4 жаран милицияга жеткирилген. Учурда текшерүү жүрүп жатат, анын жыйынтыгы менен алардын аракеттерине тиешелүү юридикалык баа берилет.