Бишкектеги кафеден чыккан өрт толугу менен өчүрүлдү. Жабыркагандар жок

Бишкек шаарынын Каралаев менен Сүйөркулов көчөлөрүнүн кесилишинде жайгашкан GALAXY кафесинен чыккан өрт саат 13:02де толук өчүрүлдү. Өрттүн болжолдуу жалпы аянты 400 чарчы метрди түзөт. Бул тууралуу ӨКМден билдиришти.

Бактыга жараша жабыркагандар жок. Ири өрттү өчүрүүгө 10:31ден тарта жалпы 5 бөлүм, 1 суу ташуучу унаа, штаб, Кризистик кырдаалдарда башкаруу борборунун ыкчам тобу жеринде иш алып барып, тилсиз жоо саат 11:47де чектөөгө алынган.