Бишкектеги кампадан чыккан өрт чектөөгө алынды

Бишкектеги кампадан чыккан өрт чектөөгө алынды. Бул тууралуу ӨКМден билдиришти.

Маалыматка караганада, өрт Кулатов көчөсүндө кампадан чыккан. Өрттү өчүрүүгө саат 12:00дө Октябрь райондук №5 ӨКБдан 1 бөлүм, саат 12:05те Октябрь райондук №7 ӨКБдан 1 бөлүм, саат 12:12де Свердлов райондук №3 ӨКБдан 1 бөлүм жана штаб тартылган. Өрт 12:31де чектөөгө алынды. Кошумча маалымат берилет.