Бишкекте кичи автобустун жүргүнчүсүнөн 40 миң доллар уурдаган шектүү кармалды

Милициянын кайгуул кызматынын кызматкерлери тарабынан кичи автобустагы жүргүнчүдөн 40 миң доллар уурдаган шектүү кармалды. Бул тууралуу бүгүн, 27-январда аталган кызматтын басма сөз кызматы билдирди.

Маалыматка ылайык кечээ, 26-январда болжол менен кечки саат 6 чамасында Бишкек шаарынын “102” кызматына 7-апрель менен Ахунбаев көчөлөрүнүн кесилишинен кичи автобустун ичинен баштыгымды уурдап кетти деген чалуу түшкөн. Баштыкта жабырлануучунун уюлдук телефону жана 40 миң доллар акчасы болгон.

Аталган кылмышка шектелип 1984-жылы туулган жаран кармалып, убактылуу кармоочу жайга киргизилген. Учурда тергөө иштери жүрүп жатат.