Бишкектеги «Көк-Сай» базарында өрт чыкты. Жабыркагандар жок

Бишкектеги “Көк-Сай” базарынан чыккан өрттүн кесепетинен болжол менен 800 чарчы метр аянт күйгөн. Тилсиз жоо кечээ, 26-октябрда саат 20:16да толугу менен өчүрүлгөн.

ӨКМдин билдиргендей кырсыктан жабыркагандар жок. Кошумчалай кетсек, өрт базардын тактайлар сатылчу тилкесинен чыккан.