Социалдык тармактарда Бишкектеги «Кара жыгач» эс алуу багында эркек киши сууга чөгүп каза болгону тууралуу видео тарап жатат.
СЕРЕП МЕДИА маалымат агенттигине Свердлов РИИБден маалымат беришип, кечээ, 9-июлда саат 18:00 чамасында Бишкек ШИИБге Бишкектеги көлдөрдүн биринде эркек киши чөгүп кеткени тууралуу маалымат түшкөнүн билдиришти. Каза болгон жарандын 1983-жылы туулган киши экени аныкталган. Учурда тергөө жүрүп жатат.