Бишкектеги коомдук транспортто чыр чыгарган жүргүнчү милицияга жеткирилди

Социалдык тармактарда маршруттук таксинин жүргүнчүлөрүнүн ортосундагы чыр-чатакты чагылдырган видео тарады. Анда ак кепкачан адам башка жүргүнчүлөрдү кемсинтип, Орусиянын президенти Владимир Путин менен коркутуп, Орусияны урматтоону талап кылган.

Жаңжалдын себеби белгисиз. Сүйлөшүүгө караганда, жаран банк картасынан акча ала албай калган, ошондуктан ал башкаларга нааразылыгын билдире баштаган. Бишкек шаардык ички иштер башкы башкармалыгынан 11-июлда билдиришкендей, бул факты каттоого алынып, тергөөгө чейинки текшерүү иштери башталып, анын алкагында экспертиза дайындалды. 

Видеодогу жарандын 1977-жылы туулгандыгы аныкталды. Анын айтымында, окуя болгон учурда ал мас абалында болгон жана жүрүм-туруму үчүн кечирим сураган. Учурда тергөө иштери уланууда.