Бишкектеги көп кабаттуу үйдө өрт чыгып, аял киши көз жумду

Бишкекте өрт кырсыгынан аял киши көз жумду. Бул тууралуу ӨКМден билдиришти.

Маалыматка караганда, өрт 3-кичи районунда жайгашкан көп кабаттуу үйдүн 3-кабатынан чыккан. Өрттү өчүрүүгө саат 07:50дө Октябрь райондук №5 ӨКБдан 1 бөлүм тартылган. Өрт 08:18де чектөөгө алынып, саат 08:45те толук өчүрүлгөн.

Өрттүн кесепетинен 1 аял киши каза болду. Учурда маркумдун аты-жөнү такталып жатат.