Бишкектеги көп кабаттуу үйдөн өрт чыкты

Бишкектеги көп кабаттуу үйлөрдүн биринен өрт чыкты. Бул тууралуу ӨКМден билдиришти.

Маалыматка караганда, 4-кичи району жайгашкан көп кабатту турак үйдүн батирлердин биринин 30 чарчы метр шыбы, пластик терезе жана үй тиричилик буюмдары күйгөн.

Өрттү өчүрүүгө жалпы 2 өрт өчүрүүчү бөлүм тартылып, түнкү саат 01:20да өрт чектөөгө алынып, 01:49да өрт толугу менен өчүрүлгөн. Өрттүн келип чыгуу себеби такталууда.