Бишкектеги «көпөлөк» рейди. Бир күндө 25 кыз милицияга жеткирилген (видео)

30-ноябрдан бери Бишкек шаарынын аймагында «Притон-Көпөлөк» аталышындагы профилактикалык иш-чара өтүп, анын жүрүшүндө милиция кызматкерлери социалдык жоопкерчилиги төмөн кыздар интимдик кызмат көрсөтө турган жерлерди текшерүүдө. Бул — сауналар, мейманканалар жана ижарага берилген батирлер.

Дем алыш күнүнүн башында милиция бөлүмүнө 25 кыз алып келинип, алардын ар бири менен түшүндүрүү иштери жүргүзүлүп, кийин коё берилген.

Милиция кызматкерлери тарабынан интимдик кызмат көрсөтүүгө тиешеси бар адамдарды жана сойкуканаларды кармоого тиешеси бар жарандарды аныктоо иштери улантылып, алар мыйзам чегинде жоопкерчиликке тартылат.