Бишкектеги көпүрөнүн алдынан табылган аялдын жансыз денеси. Шектүү өмүр бою эркинен ажыратылды

Бишкекте аялды өлтүрүүгө шектелген жаран өмүр бою эркинен ажыратылды. Бул тууралуу Жогорку Соттун сайтында жарыяланды.

Бишкек шаардык соту Свердлов райондук соту чыгарган чечимди күчүндө калтырган.

Өткөн жылдын апрель айында милицияга Аламүдүн суусунун көпүрөсүнүн алдында аял кишинин жансыз денеси жаткандыгы тууралуу маалымат түшкөн. Айтылган дарекке барган милиция кызматкерлери 40-45 жаштагы аял кишинин жансыз денесин табышкан. Кылмышка шектүү катары 1995-жылы туулган жаранды кармалган.