Бишкектеги коррекциялык бала бакчада баланын сабалышы боюнча милиция текшерүү иштерин баштады

Кечээ, 3-январда соцтармакта видео тарап, анда кыздардын балдарды уруп жатканы тартылган. Видеонун авторунун айтымында, окуя Бишкектеги нейрокоррекциялык бала бакчада болгон. Анда ден соолугунун мүмкүнчүлүгү чектелген балдар реабилитациядан өтүшөт.

Жогорудагы окуя боюнча Октябрь райондук милициясы иш каттоого алынганын жана экспертизалар дайындалганын маалымдашты. Текшерүү учурунда жабыркаган баланын 2022-жылдын август айынан бери ушул бала бакчага келери аныкталды. Териштирүү иштери жүрүп жатат.