Бишкектеги Кулиев көчөсүндө адам өлтүрүү катталды

Бишкекте адам өлтүрүүгө шектүүлөр кармалды. Бул тууралуу Биринчи Май РИИБден билдиришти.

30-июлда болжол менен саат 05:00 чамасында Бишкек ШИИБдин «102» кызматына Кулиев көчөсүндө сабалган киши жатканы тууралуу маалымат түшкөн. Тез жардам кызматы жерине барган, бирок жаран эсине келбей каза болгон. Милиция кызматкерлерине ошол күнү кармалган жарандар менен маркумдун ортосунда пикир келишпестик болгонун, анын кесепетинен 1973-жылы туулган жаран жаракат алып, каза болгонун аныкташкан.

Аталган факты боюнча адам өлтүрүү беренеси менен кылмыш иши козголгон. Кылмышка шектүү катары 1998 жана 1974-жылы туулган жарандар кармалып, камакка алынган. Тергөө уланууда.