Кечээ, 8-майда социалдык тармакта Бишкектеги салынып бүтө элек көп кабаттуу үйдө жаш кыздын жансыз денеси жатканы тууралуу маалымат тараган. СЕРЕП МЕДИА маалымат агенттигине Октябрь РИИБден маалыматты тастыкташты.
«8-майда саат 09:00 чамасында Бишкек ШИИБдин «102» кызматына Токомбаев көчөсүндөгү курулуп жаткан көп кабаттуу үйлөрдүн биринде кыздын жансыз денеси жатканы тууралуу маалымат түшкөн. Жерине Октябрь РИИБдин кызматкерлери барышып, фактыны тастыкташкан. Айтылган жерде 2008-жылы туулган кыздын жансыз денеси табылган. Денени кароо учурунда зомбулуктун белгилери байкалган эмес.
Аталган факты каттоого алынып, соттук-медициналык экспертиза дайындалган. Учурда тергөө жүрүп жатат», — дешти.